Дүйнөдө коронавирус көп катталган өлкөлөрдүн тизмеси

29 август 2020 12:07 1058 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Дүйнө жүзүндө коронавирус илдети менен ооругандардын саны 29-августта 24,6 млн адамга жетти. Бул тууралуу Джонса Хопкинс институту чет элдик басылмаларга берген маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Аталган институттун маалыматында дүйнөдө COVID-19 илдети менен 24 637 544 адам ооруп, 835 045 оорулуу каза болгон. Сакайып ооруканадан чыккандардын саны 16 107 859 адамга жетти.

Коронавирус илдети эң көп таркаган өлкөлөрдүн сап башында:

АКШ - 5 912 861 адамга жугуп, 181 748 киши каза болду

Бразилия - 3 804 803 адамга жугуп, 119 504 киши каза болду

Индия - 3 387 500 адамга жугуп, 61 529 киши каза болду

Россия - 977 730 адамга жугуп, 16 866 киши каза болду

Перу - 621 997 адамга жугуп , 28 277 киши каза болду

Колумбия - 581 995 адамга жугуп , 18 467 киши каза болду

Мексика - 579 914 адамга жугуп, 62 594 киши каза болду

Испания - 439 286 адамга жугуп, 29 011 киши каза болду

Чили - 405 972 адамга жугуп, 11 132 киши каза болду

Ал эми Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо министирлиги коронавирус боюнча башкача статистика жүргүзөт. Алардын эсеби менен COVID-19  илдетин жугузгандар 24 299 923, каза болгондор 827 730 адам. Бир суткада дүйнөдө 281 581 жаңы учур катталган.

Ссылка: https://barometr.kg/29-avgustta-covid-19-ildetin-zhuguzgandar-24-637-544-zhetti-koronavirus-kp-kattalgan-lklrdn-tizmesi



Добавить комментарий