28-сентябрда Кыргызстандын айрым аймактарында жамгыр жаайт

28 сентябрь 2020 09:02 345 Barometr
Бөлүшүү:
ok

28-сентябрда Чүй, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жамгыр жаабайт. Бул тууралуу «Кыргызгидромет» борбору берген маалыматка таянып «Барометр» билдирет.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда +15-20°

Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарында +14-19°

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +20-25°

28-сентябрда Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы 17-19° жылуу болот.

Ссылка: https://barometr.kg/28-sentyabrda-kyrgyzstandyn-ajrym-ajmaktarynda-zhamgyr-zhaajt



Добавить комментарий