28-сентябрда Кыргызстандын айрым аймактарында жамгыр жаайт
28-сентябрда Чүй, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жамгыр жаабайт. Бул тууралуу «Кыргызгидромет» борбору берген маалыматка таянып «Барометр» билдирет.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда +15-20°
Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарында +14-19°
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +20-25°
28-сентябрда Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы 17-19° жылуу болот.
Ссылка: https://barometr.kg/28-sentyabrda-kyrgyzstandyn-ajrym-ajmaktarynda-zhamgyr-zhaajt
Добавить комментарий ×