28-март: Кыргызстандын баардык аймагында жамгыр жаайт
28-мартта Кыргызстанда мезгил-мезгили менен жамгыр, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 13…18,
Талас облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 13…18,
Баткен облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 14…19,
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 6…11, күндүз 14…19,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15,
Нарын облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 9…14 градус болот.
Бишкек шаарында күндүз мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 6…8°, күндүзгү жогорку температурасы 15…17 градус болот.
Ссылка: https://barometr.kg/28-mart-kyrgyzstandyn-baardyk-ajmagynda-zhamgyr-zhaajt
Добавить комментарий ×