Бүгүн тоолу райондордо жамгыр жаайт

31 август 2020 09:24 790 Barometr
Бөлүшүү:
ok

31-августта Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо карга айланат. Бул тууралуу «Кыргызгидромет» борбору берген маалыматка таянып "Барометр" билдирет.

Талас, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда жаан жаайт, тоолуу райондордо карга айланат.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Нарын облусунда +25-27°

Ысык-Көл дубанында +22-27°

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +28-33°

Талас жергесинде +25-30°

Чүй өрөөнүндө +27-32°

Бишкек шаарында +28-30°  ысык болот.

Ссылка: https://barometr.kg/bgn-toolu-rajondordo-zhamgyr-zhaajt



Добавить комментарий