Индияда нөшөрлүү жаандын кесепетинен Таж-Махалды суу каптап кетти

21 июль 2023 15:01 1458 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Индиянын борбору Нью-Делиде нөшөрлөп жааган жамгыр ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар комплексине зыян келтириши мүмкүн. Бул тууралуу Bloomberg агенттигине шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Ганг дарыясынын куймасы болгон Ямуна дарыясынын суулары акыркы 45 жылда Таж-Махалга эң жакын келип, байкоочу аянтчаны каптап кеткен.

Ошол эле маалда, комплекстин ак мрамор фасадына келтирилчү зыяндар масштабдуу болбойт.  
Тескерисинче, суу ташкындары комплекстин жыгач пайдубалына оң таасирин тийгизиши мүмкүн.  Бул деодар кедр жыгачынан турган имараттын негизинин өзгөчөлүгүнө байланыштуу. Ал ным киргенде, тетирисинче бекем болуп калат.    

     Бирок, жыгач базаныне нымдуулугунун жогорулашы Таж-Махал глобалдык климаттык өзгөрүүлөрдүн кесепеттерин жоюуга жетишти дегенди билдирбейт. 17-кылымда курулган комплекс абанын булганышынан жана кислота жамгырынан улам бир нече жолу жабыркап, анын түсүн актан сары-жашылга айландырган.      

Ушул себептен улам, Таж-Махал дагы деле тийиштүү камкордукка жана коргоого муктаж.     

Акыркы суу ташкындары мавзолей-мечиттин түндүгүндө жана Ямуна дарыясынын карама-каршы жээгиндеги Агра чебинен орун алган Мехтаб Баг бакча комплексине чоң зыян келтирди.      

 
 
 
 
 
Буга чейин,  Дели бийлиги июль айынын ортосунда Ямуна дарыясындагы суунун кескин көтөрүлүшүнө байланыштуу жалпысынан 24 миңге жакын тургунду коопсуз жактарга көчүргөн. Буга өлкөнүн түндүгүндө нөшөрлөп жааган жамгыр жана бир катар штаттарда катуу суу ташкындары жана жер көчкүлөр себеп болгон. Кырсык болгон аймакта узак мөөнөттүү куткаруу жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлдү.        

Ссылка: https://barometr.kg/indiyada-nshrl-zhaandyn-kesepetinen-tazh-mahaldy-suu-kaptap-ketti



Добавить комментарий