10-апрель: жаан-чачын катуу жаайт
10-апрелде Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, айрым жерлерде күн күркүрөйт. Бийик тоолуу аймактарга кар түшөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу болот.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7...12, күндүз 11...16,
Талас жергесинде түнкүсүн 6...11, күндүз 11...16,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 9...14, күндүз 14...19,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 3...8, күндүз 12...17,
Нарын облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 10...15 градус болот.
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3...-8, күндүз -2...+3 градус.
Бишкек шаарында түнкүсүн 9...11, күндүз 14...16 градус болот. Мезгил-мезгили менен жаан жаайт.
Ссылка: https://barometr.kg/10-aprel-zhaan-chachyn-katuu-zhaajt
Добавить комментарий ×