Муунтулуп каза болгон кыздын өлүмү. Ала качууга көмөктөшкөндөрдүн бири кармалды

8 апрель 2021 00:33 1742 Barometr
Бөлүшүү:
ok


Бишкек шаарында эки күндөн бери ала качып кетти деп изделип жаткан 26 жаштагы кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Маалым болгондой, 7-апрель күнү милицияга Арашан жана Чокморов айылдарынын ортосунда унаада кыз менен эркек кишинин жансыз денеси жатат деген маалымат келип түшкөн.

"Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барганда, Honda Civic үлгүсүндөгү унаа табылган. Унаанын ичинде 1994-жылы туулган К.А. аттуу кыздын жана 1985-жылы туулган Т.З. аттуу эркек кишинин жансыз денеси табылган. Алардын денесине кароо жүргүзгөн учурда кыз муунтулуп каза болгону, ал эми, эркек киши бычактан алган жаракаттан улам каза болгону аныкталган. Жергиликтүү тургундар аталган унааны 5-6-апрель күндөрү эле көрүшкөнүн, бирок баткакка тыгылып калды деп маани бербегендерин билдиришкен. 7-апрель күнү келип унааны караганда, унаадан жансыз денелерди көрүп милиция чакыртышканын айтышкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, Т.З. аттуу жаран кыз менен пикир келишпестиктен улам аны муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүн бычак менен сайгылап, каза болгон. Учурда ар тараптуу тергөө иштери жүрүп жатат. Бардык керектүү экспертизалар дайындалды. Кошумча маалымат берилет", - деп айтылат маалыматта. 

Кийинчерек, милиция ала качууга көмөктөшкөн балдардын бири кармалганын кабарлады.

"Ыкчам издөө иштеринин негизинде, ала качууга көмөктөшкөн 1992-жылы туулган Р.А Бишкек шаарынын аймагынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Ал эми, ала качууга көмөктөшкөн дагы эки жаранга издөө жарыяланды", - деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Ссылка: https://barometr.kg/27-zhashtagy-kyzdyn-lm-ala-kachuuga-kmktshkndrdn-biri-karmaldy



Добавить комментарий