27-сентябрдан тартып Боомдо жолдун бир бөлүгү жабылат
Бөлүшүү:
27-сентябрдан 1-октябрга чейинки аралыкта Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 131-чакырымында, Боом капчыгайында кооптуу таштарды кулатуу иштери аткарылат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынан маалымдашканын “Барометр” кабарлайт.
Буга байланыштуу жолдун бир бөлүгү саат 09:00дөн 15:00гө чейин жабылып турат. Жол тазаланып жаткан учурда унаалар бир тилкеге өткөрүлөт.
Аталган жумуштар таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында жүргүзүлөт.
Ссылка: https://barometr.kg/27-sentyabrdan-tartyp-boomdo-zholdun-bir-blg-zhabylat
Добавить комментарий ×