27-сентябрдан тартып Боомдо жолдун бир бөлүгү жабылат

24 сентября 2021 11:54 1599 Barometr
Поделиться в:
ok

27-сентябрдан 1-октябрга чейинки аралыкта Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 131-чакырымында, Боом капчыгайында кооптуу таштарды кулатуу иштери аткарылат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынан маалымдашканын “Барометр” кабарлайт.

Буга байланыштуу жолдун бир бөлүгү саат 09:00дөн 15:00гө чейин жабылып турат. Жол тазаланып жаткан учурда унаалар бир тилкеге өткөрүлөт.

Аталган жумуштар таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында жүргүзүлөт.

Ссылка: https://barometr.kg/27-sentyabrdan-tartyp-boomdo-zholdun-bir-blg-zhabylat



Добавить комментарий