Усенбаев: Кыргызстанда авиа жана темир жол каттамдары кайра жанданат

28 сентябрь 2020 15:38 777 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Эл аралык каттамдарды жандандырууда өлкөдөгү  эпидемиялык кырдаалга таасирин тийгизбей турган чаралар колдонулат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаевдин ыкчам штабка берген маалыматына таянып "Барометр" билдирет.

«Ички жана тышкы миграцияны кыскартуу максатында колдонулган радикалдуу чаралардын натыйжасында биз ооругандардын санын кыскартууга жетише алдык. Биз ар кайсы чөйрөлөрдө байланыш түзгөн, анын негизинде эпидемиялык көрсөткүчтөр алар менен болгон байланышты жандандырууга шарт түзгөн 50 өлкөнүн тизмесин Тышкы иштер министрлигинен алдык. Анын ичинен 33 өлкөгө биздин өлкөгө кирүүгө уруксат бердик”, - деп билдирди Нурболот Усенбаев.

Анын айтымында, тизме айына 2 жолу текшерилип турат жана ТИМдин сунушу боюнча тизме толукталат.

"Мындан тышкары темир жол кыймылын калыбына келтирүү маселеси талкууланат. Бул жерде коронавирустун киришин алдын алуу жана жайылтпоо үчүн атайын алгоритм иштелип чыкты”, - деп кошумчалады ал.

Усенбаев белгилегендей, эл аралык каттамдарды жандандырууда өлкөдөгү  эпидемиялык кырдаалга таасирин тийгизбей турган чаралар колдонулат. Бул үчүн катуу көзөмөл түзүлгөн. СКПдан дене табы текшерилет, оорунун белгилери бар жарандар изоляцияланат, изилденет жана андан кийин гана биздин өлкөгө кирүү маселеси чечилет.


Ссылка: https://barometr.kg/usenbaev-kyrgyzstanda-avia-zhana-temir-zhol-kattamdary-kajra-zhandanat



Добавить комментарий