26 жыл өмүрүн органга арнаган Турат Тоялиев ардактуу эс алууга узады (Сүрөт)
26 жыл өмүрүн органга арнаган Тоялиев Турат Аскарович ардактуу эс алууга узады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматына шилтеме берип «Барометр» билдирет.
Бүгүн Бишкек ШИИББи боюнча Милициянын кайгуул кызматкерлери 26 жылдан бери ички иштер органында татыктуу кызмат өтөп, коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө жана жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөөдө берилүү менен кызмат өтөп, эмгеги менен элге сиңген милициянын прапорщиги Тоялиев Турат Аскеровичти татыктуу эс алууга узатышты.
“Тоялиев 1993- жылы Кайгуул күзөт кызматында кызматка келип, ошол бөлүмдүн бир канча бөлүмдөрүндө 2003- жылга чейин эмгектенген. Андан кийин Мамлекеттик авто инспекциясында ар түрдү кызматтарды аркалап келип, 2019- жылдан тартып, Бишкек ШИИББи боюнча Милициянын кайгуул кызматында ак кызматын аяктап татыктуу эс алууга узап жатат. ИИОда кылган татыктуу кызматы үчүн 1, 2 жана 3чү даражадагы "Азамат" медалы андан сырткары бир нече сыйлыктарга ээ болгон”, - деп айтылат маалыматта.
Эс алууга узатууда Милициянын кайгуул кызматынын жетекчиси Алмаз Исаков жалпы өздүк курамдын атынан кыргыздын салтын улай ак калпак, ак чепкен кийгизип, мындан ары да жаш муунга үлгү болооруна ишенип, бекем ден соолук үй-бүлөлүк бакыт каалады.
Ссылка: https://barometr.kg/26-zhyl-mrn-organga-arnagan-turat-toyaliev-ardaktuu-es-aluuga-uzady-srt
Добавить комментарий ×