26 өлкө катышкан бильярд боюнча дүйнө чемпионаты Ысык-Көлдө өтөт

8 июль 2022 10:40 723 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бильярд боюнча дүйнө чемпионаты жана дүйнө биринчилиги Кыргызстанда өтөт. Бул тууралуу маданият министрлигинин маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Маалым болгондой, 12-20-июль күндөрү Чолпон-Ата шаарында чоңдор арасында  бильярд боюнча дүйнө чемпионаты жана 19 жашка чейинкилер арасында дүйнө биринчилиги өтөт.

Программа боюнча 2022- жылдын 12-15-июль күндөрү  “Эркин пирамида” U -19 оюндары өтөт.

Башталышы 12 июль, саат 10:30  «ДЧК Газпром» имаратында.

Ал эми, чоңдор арасында бильярддын “Динамикалуу пирамида” түрүнүн расмий ачылышы 2022-жылдын 16-июль күнү саат 17:00дө  Чолпон- Ата шаарындагы  «Газпром ДЧКнын» имаратында өтүп, оюндар  20-июлга чейин уланат.

Жалпысынан мелдешке дүйнөнүн 26 өлкөсүнөн 240ка жакын спортчунун катышуусу күтүлүүдө.

Алар:  Кыргызстан,  Казакстан, Өзбекстан, Кытай,  Тажикистан, Россия, Белоруссия, Латвия, Молдавия, АКШ, Германия, Испания, Түштүк Корея, , Пакистан, Индия, Ирак, Иран, Монголия, , Түркменистан, Афганистан, Түркия, Азербайджан, Грузия, Сербия, Армения жана Румыния мамлекеттеринин спортчулары.

Ссылка: https://barometr.kg/26-lk-katyshkan-bilyard-boyuncha-djn-chempionaty-ysyk-kld-tt



Добавить комментарий