25-март: көпчүлүк аймактарда жамгыр жаайт

25 март 2019 09:03 897 Barometr
Бөлүшүү:
ok

25-мартта көпчүлүк аймактарда жамгыр, тоолуу райондордо кар жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9, кээ бир аймактарда секундасына 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй областында түнкүсүн 1…6, күндүз 16…21,

Талас дубанында түнкүсүн 1…6, күндүз 15…20,

Баткен облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 17…22,

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 2…7, күндүз 17…22,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3…+2, күндүз 11…16,

Нарын облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 10…15 градус болот.

Бишкекте жамгыр жаабайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 2…4°, күндүзгү жогорку температурасы 17…19 градус жылуу болот.

Ссылка: https://barometr.kg/25-mart-kpchlk-ajmaktarda-zhamgyr-zhaajt



Добавить комментарий