Кыргызстандын ашууларында кар көчкү түшүү коркунучу сакталат
24-25-февраль күндөрү жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга, ошондой эле абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу) кар күрткүсү пайда болуп, кар көчкү түшөт. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Ошондой эле, Мырза-Аке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунун 45-115-чакырымдарында, Ала-Бука - Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная-Горка - Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Казарман - Актал-Чат унаа жолунун 43-44-чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси), 63-93-чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу), Каракол - Эңилчек унаа жолунун 64-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Ссылка: https://barometr.kg/24-25-fevralda-zholdor-tajgak-bolot
Добавить комментарий ×