Бишкек-Ош автоунаа жолунда кар көчкү түшүүcү күтүлөт

23 декабрь 2019 09:24 704 Barometr
Бөлүшүү:
ok

23-декабрда Кыргызстандын аймагында туруксуз  аба-ырайы күтүлөт: көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.  

Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт. 24-26-декабрларда абанын температурасы абдан төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -15…-20°, күндүз -3…-8° суук, Чүй облусунун түндүгүндө -7…-12° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн  -4…-9° суук,  күндүз 0…5° жылуу, тоо этектеринде  түнкүсүн -7…-12° суук, күндүз -3 сууктан…+2° жылуулукка чейин, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11°, күндүз -3 сууктан…+2° жылуулукка чейин, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -20…-25°, күндүз -5…-10°, Ат-Башы районунда түнкүсүн -24…-29°, күндүз -12…-17°, тоолуу райондордо түнкүсүн -15…-20°, күндүз -5…-10°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн-25…-30°, күндүз -10…-15° суук болушу күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат.  Катуу жаан-чачын  жааган убакта автожолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, автоунаалардын кыймылдоосун кыйындатат.

 2019-жылдын 21-декабрынан 23-декабрына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 65-115 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Ссылка: https://barometr.kg/22-23-dekabrlarda-kyrgyzstandyn-ajmagynda-turuksuz-aba-yrajy-ktlt-kpchlk-ajmaktarda-kar-zhaashy-ktlt



Добавить комментарий