21.00гө карата Ош шаары боюнча «Ата Журт Кыргызстан» партиясы алдыга чыкты
Бөлүшүү:
Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн өткөн жергиликтүу кеңештерге кайталап шайлоонун добуштарын саноону улантууда. Ош шаардык кеңешине 7 пайыздык босого ченден өтүп келген 4 партия добуш алганын “Барометр” маалымдайт.
Саат 21.00гө карата Ош шаардык кеңешине кайталап шайлоодо «Ата Журт Кыргызстан» (38,17 пайыз), «Биздин Кыргызстан» (32,21 пайыз), «Улуттар биримдиги» (15,36 пайыз) жана «Бир Бол» (8,91 пайыз) добуш алды..
Ош шаары боюнча 50 миң 79 адам шайлоого катышты. Бул жалпы шайлоочулардын 36,72 пайызын түзөт.
Ссылка: https://barometr.kg/2100g-karata-osh-shaary-boyuncha-ata-zhurt-kyrgyzstan-partiyasy-aldyga-chykty
Добавить комментарий ×