2021-жылдагы Олимпиада отунун эстафетасына атактуулардын катышуусуна тыюу салынышы мүмкүн

10 декабрь 2020 10:22 2187 Barometr
Бөлүшүү:
ok

2021-жылы Токиодогу жайкы Олимпиада оюндарынын иш-чараларына белгилүү шоу бинес өкүлдөрү катышпайт. Тактап айтканда, Олимпиада отунун эстафетасынын катышуучуларынын тизмесинен белгилүү адамдар чыгарылышы мүмкүн. Бул тууралуу Kyodo News 10-декабрда жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Япон бийлиги сүйүктүү артисттин көрүүгө келген күйөрмандардын массалык топтолуусун алдын алуу максатында мындай кадамга барууга ниеттенүүдө, анткени мындай иш-чаралар инфекциялардын көбөйүшүнө кошумча тобокелчиликтерди жаратышы мүмкүн.

Мындан тышкары, демөөрчүлөрдүн бренддик логотиптери бар продукцияларды жана атрибуттарды көрүүчүлөргө таратууга тыюу салуу маселеси каралып жатат.

Бийлик Олимп оюндарнын мурдагы катышуучуларын гана бардык эпидемиологиялык чаралар сакталган шартта көрүүчү катары киргизе алат.

Ошол эле учурда, агенттик мындай саясат Олимпиаданын бир жылга жылдырылышынан улам каржылык чыгымга учураган демөөрчүлөрдүн жана жергиликтүү бийликтин нааразычылыгын жаратышы мүмкүн деп белгилейт.

Ноябрь айында Эл аралык Олимпиадалык Комитеттин башчысы Томас Бах жана Япониянын премьер-министри Ёсихидэ Суга коронавирус пандемиясына карабастан, Токио Олимпиадасы 2021-жылы жайында өтөт деген ишенимин билдиришкен.

Токиодогу жайкы Олимпиада оюндары тарыхта биринчи жолу тынчтык мезгили учурунда жылдырылган ири иш-чара болуп калды. Иш-чара 2020-жылы жайында өтүшү керек болчу, бирок, коронавирустун жайылышына байланыштуу ЭОК Япониядагы Олимпиада жана Паралимпиада оюндарын 2020-жылдан 2021-жылга жылдыргандыгын жарыялаган. Олимпиада оюндары  2021-жылдын 23-июлунан 8-августуна чейин өтүшү керек.

Ссылка: https://barometr.kg/2021-zhyly-olimpiada-otunun-estafetasyna-ataktuulardyn-katyshuusuna-tyyuu-salynyshy-mmkn



Добавить комментарий