ӨКМ: өлкө боюнча 439 куткаруучу иштеп жатат

8 апрель 2020 11:16 1023 Barometr
Бөлүшүү:
ok

7-апрель күнү өлкө боюнча 740 000 погондук метр унаа жолдор  дезинфекцияланды. Бул тууралуу КР ӨКМдин Басма сөз кызматы билдирди.         

Андан сырткары жалпысынан 12077 орундук даярдалган. О     бсервацияда жайгаштырылган жарандарга 3 маал ысык тамак-аш берилип жатат. Өлкө боюнча санитардык-карантиндик жана блок постторго ӨКМ тарабынан 120 даана чатыр жана 56 мобилдик турак-үй орноштурулган.     

Аймактарда иш алып барып жаткан ӨКМдин кызматкерлерине керектүү жабдыктар, коргоочу костюмдар, күйүүчү-майлоочу майлар, гигиеналык антисептик каражаттары жеткирилди. 112 ыкчам номуруна өткөн сутка ичинде жалпы 8390 чалуу катталып, анын ичинен 679 коронавирус боюнча чалуу түшкөн. 

Өлкөдө уюштурулган постторго, дезинфекциялоо жумуштарын аткаруу жана обсервацияда жайгашкан жарандарга ыңгайлуу шарт түзүүгө (орундук, тамак-аш жеткирүү)  ӨКМ  тарабынан 439 куткаруучу  жана  115 унаа тартылган.      

Ссылка: https://barometr.kg/2020-zhyldyn-7-aprel-kn-lk-boyuncha-439-kutkaruuchu-ishtep-zhatat



Добавить комментарий