Бир суткада коронавирус боюнча 420 чалуу болгон

13 апрель 2020 12:28 1307 Barometr
Бөлүшүү:
ok

12-апрель күнү өлкө боюнча  485 770 погондук метр унаа жолдор дезинфекцияланды. Бул тууралуу ӨКМдин Басма сөз кызматы билдирди.    

Ага ылайык, өлкө боюнча санитардык-карантиндик жана блок постторго ӨКМ тарабынан 120 даана чатыр жана 58 мобилдик турак-үй орноштурулган.  Бишкек шаарындагы жана региондордогу обсервацияда жайгаштырылган жарандарга ӨКМ тарабынан күн сайын 3 маал ысык тамак-аш берилүүдө ( меню алмаштырылып турат). 

112 ыкчам номуруна өткөн сутка ичинде жалпы 7655 чалуу катталып, анын ичинен 420 коронавирус боюнча чалуу түшкөн. Ө лкөдө уюштурулган постторго, дезинфекциялоо жумуштарын аткаруу жана обсервацияда жайгашкан жарандарга ыңгайлуу шарт түзүүгө (орундук, тамак-аш жеткирүү)  ӨКМ тарабынан 216 куткаруучу жана  29 унаа тартылган.

Акыркы маалымат боюнча Кыргызстанда 419 кишиден коронавирус табылды.

Ссылка: https://barometr.kg/2020-zhyldyn-12-aprel-kn-lk-boyuncha-420-koronavirus-boyuncha-chaluu-tshkn



Добавить комментарий