Кыргызгидромет: Бишкекте абаны шамал тазалады
Кыргызгидрометтин синоптиктеринин билдирүүсү боюнча 2019-жылдын 3-4-декабрларында Бишкек шаарында аба массасынын алмашуусу орун алды. Ар түрдүү бийиктиктерде шамал байкалды жана анын ылдамдыгы 15 м/с жетти. Байкалган метеорологиялык шарттар Бишкек шаарындагы атмосфералык абадагы кирдетүүчү заттардын таралышына себепчи болду. Натыйжада азыркы убакта абадагы кирдетүүчү заттардын кармалышы төмөн экендиги байкалууда. CO – 10,3 мкг/м3 (чектүү деӊгээли - 5 мкг/м3) NO – 86,3 мкг/м3 (чектүү деӊгээли - 400 мкг/м3) NO2 – 48,9 мкг/м3 (чектүү деӊгээли - 85 мкг/м3) SO2 – 49,2 мкг/м3 (чектүү деӊгээли - 500 мкг/м3) PМ2.5 – 13 мкг/м3 (чектүү деӊгээли - 160 мкг/м3) Ал эми майда катуу бөлүкчөлөр PМ2.5 тууралуу айта турган болсок, алардын абадагы кармалышы кескин түрдө азайды. Эгерде ноябрьдын акыркы 3 күнү бул заттын кармалышы 440-448 мкг/м3 чейин жеткен болсо, бүгүн эртеӊ менен бул көрсөткүч 11-13 мкг/м3 түздү, жана 34 эсе азайды.
Добавить комментарий ×