19 жаштагы студенттин иши боюнча сот жараяны биринчи жолу ачык өттү

25 февраль 2021 11:34 4355 12 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаардык сотунда 19 жаштагы студент Даниэль Азимовго байланыштуу сот иши болду. 2019-жылы ИИМ Академиясынын студенти Даниел Азимовго укук коргоо органдарынын өкүлдөрү баңгизатын атайылап салып коюп кармалган. Бул тууралуу "Барометр" кабарлайт. 

 Эскерте кетсек, буга чейин, 2020-жылы 23-декабрда, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы Болот Абдуллаев Азимовго карата айыптоочу чечим чыгарган. Биринчи инстанциядагы сот 19 жаштагы студентти 10 жылга эркинен ажыраткан. Жаш жигиттин келечеги, тагдыры тууралуу чечимди сот Болот Абдуллаев 15 мүнөттүн ичинде эле кабыл алып койгон. Соттун чечими чыкканга чейин ал кеңешүү бөлмөсүндө да ушунча убакыт гана болгон. Биринчи инстанциядагы соттун акылга сыйбаган чечими социалдык тармактарда коомчулуктун нааразычылыгын пайда кылган, анткени сот жараянында айыптоочу Азимовдун күнөөсүн далилдей алган эмес. Биринчи инстанциядагы соттун адилетсиз чечимине эл нааразы болду. Кантсе да, 19 жаштагы өспүрүм жигиттин тагдыры жөнүндө сөз болуп жатат да. Ал эч качан баңгизат менен алектенген эмес, тамеки чекпейт жана  спирт ичимдигин ичпеген үлгүлүү бала эле. Жакшы окуп, Ички иштер министрлигинин академиясына өз күчү менен өткөн.  Ал ата-энесинин ишенээр жалгыз уулу. Келечектен көптү үмүттөндүргөн жаш жигит чириген сот системасынын жана укук коргоо тутумунун курмандыгы болгонго татыктуу эмес болчу.

Ошентип, 22-февралда Бишкек шаардык сотунда сот жараяны болду. Коргоочу тарап биринчи инстанциядагы соттун акылга сыйбаган чечимине каршы даттанды.

Адвокат ошондой эле, биринчи инстанциядагы судья жасаган Кылмыш-процессуалдык кодексинин көптөгөн мыйзам бузууларын санап өттү.

"Сот адегенде айыптоочу тараптын арызын карады, жактоочулардын бардык өтүнүчтөрүн четке какты. Анын үстүнө сот өкүмгө божомолдорду жазды, мисалы, соттун чечиминде Азимов көрсөтмө берүү учурунда баңги заттын кайда жатканын көрсөткөн деп жазылган. Бирок, бул материалдарда жок. Мындай окуя таптакыр болгон эмес, үзгүлтүккө учураган видеолордо деле андай нерсе жок. Сот божомолго таянып чечим чыгарды. Бул мыйзамсыз. Сот тергөө учурунда коюлган айыптардын жана мыйзам бузуулардын негизсиздигине көңүл бурган жок. Сот отурумунда жактоочу Азимовдун күнөөсүз экендигинин далилдерин келтирди. Бирок, биринчи инстанциядагы сот өкүм чыгарды. Бул чечим мыйзамсыз, буга байланыштуу Азимовдун кылмыш курамынын жоктугуна байланыштуу аны жокко чыгарып, актоону суранабыз», - деди жактоочу.

Адвокат камакка алуу учурунда видеотасмаларды талап кылуу өтүнүчүн келтирди.

Ал эми, айыптоочу камакка алуу учурунда үзгүлтүксүз видео жазууну камсыз кыла алган жок. Алар видеону кыскартып, толук көрсөтүп бере алышкан эмес.

Видеодо Азимов менен анын дос баласы делгендердин элесин гана көрүүгө болот. Видео алыстан тартылгандыктан дал Азимов менен досу экенин так айтуу кыйын. Видеодо Азимов делген бала телефонун карап жатса, досу делген бала ары бери эки жакты караганы тартылган. Экинчи видеодо кармалгандардын жерде жатканын гана көрүүгө болот.

Жактоочу видеотасмага техникалык экспертиза жүргүзүү жөнүндө өтүнүч келтирди.

"Биз видео тасманын аныктыгын текшеришибиз керек, балким, бул монтаж болушу керек", - деди адвокат.

Биринчи жолу сот жактоочунун өтүнүчүн кабыл алды.

Даниэль Азимов сотто анын кандайча кармалгандыгын айтып берди.

"Досум экөөбүз көчөдө баратканбыз, жарандык форма кийген бир топ адам бизди көздөй басты, алар биздин колубузду бурап, ур-токмокко алып киришти. Күрөштүн ыкмаларын колдонуп, алар мени жыгып алып кармашты", - деди Азимов.

Сот жараянынын жүрүшүндө Азимов соттун суроолоруна жооп берип жатып, биринчи инстанциядагы өкүм, атүгүл сот процесси учурунда берген көрсөтмөсү бурмалоолор менен протоколго киргизилгендигин белгиледи.

Белгилей кетсек, биринчи жолу сот отуруму ачык режимде өтүп, ага туугандары жана журналисттер киргизилген.

Биринчи жолу, Азимов сыяктуу эле жактоочуга сөз сүйлөөгө жана өтүнүч келтирүүгө уруксат берилди, ал тургай сот кабыл алды.

Белгилей кетүүчү жагдай, биринчи инстанциядагы сот жараянына туугандарын жана журналисттерди киргизген эмес, ал тургай сот өкүмүн жарыялаганда прокурор катышкан эмес.

Иштин чоо-жайы

2019-жылы 20-апрелде ИИМ Академиясынын студенти Даниел Азимовду баңгизатын сактаган жана сатууну пландаган деген айып менен кармашкан. Аны кармоо учурунда жанында досу болгон. Досу сотто берген көрсөтмөсүндө УКМКнын кызматкерлери Даниелди жерге басып алып чөнтөгүнө баңгизатын салууга аракет кылганын айткан. Баңизаты чөнтөгүнө батпагандыктан күчкө салып курткасынын чөнтөгүн айрып, жерде жаткан баланын алдына баңгизатын коюшкан.

Аны жерге бир нече саат басып жатышып, бул учурда башка-көзгө койгулашкан. УКМКнын кызматкерлери мындай жоругу менен мыйзамды бузуп, студентти кыйнаганы айдан ачык көрүнүп турат.

Нурбек Азимов укук коргоо органдарынын кызматкерлери баласын кармоо үчүн аны жумуш беребиз деп алдап, Борбор Азиядагы Америка университетинин (АУЦА) 12-кичи району жактагы киши жок аймакка алдап азгырып барышкан.

Уулу кармалгандан кийин Нурбек Азимов Нарындан келип, иш менен таанышууга аракет кылганы менен ага материалдарды берген эмес. Ал УКМКдагы тааныштары менен сүйлөшкөндө уулун куткарып алуу үчүн көп суммадагы долларды даярдап коюусун талап кылышкан. Анын мынча акчасы жок экенин айтканда, жылкыларын, шаардагы жер тилкесин, соода кылган павильонун сатып, жетпей калган сумманы туугандарыңан сура деп айтышкан. Андан сырткары байлыкты тапса болорун, баланы табууга болбой турганын билдиришкен.

"Барометр" агенттиги окуянын өнүгүшүнө көз салып турат.

Биринчи инстанциядагы сот отурумунда Азимов акыркы сөздү сүйлөп жатып, анын күнөөсү жок экендигин жана баңги затты ага атайлап салып коюшканын айтты.

"Күнөөмдү мойнума алуу үчүн камакка алуу учурунда жана андан кийин мага физикалык жана психикалык кысым көрсөтүлдү. Мен баарына чыдадым, күнөөмдү мойнума алган жокмун жана мойнума албайм. Мен күнөөлүү эмесмин жана эч качан баңгизатка тийген эмесмин”, - деди ал.

Белгилей кетсек, сот отурумдарынын биринде судьяга Азимовду камакка алуу учурунда аны кантип сабагандыгы көрсөтүлгөн. Бирок, биринчи инстанциядагы сот эч нерсе болбогондой түр көрсөтүп, андан кийин айыптоо корутундусун чыгарган.

Ссылка: https://barometr.kg/19-zhashtagy-studenttin-ishi-boyuncha-sot-zharayany-birinchi-zholu-achyk-tt



Добавить комментарий