Студентти баңгизатка байлап садага чабуу аракетиби? Сотто шектүүнү кармоо учурунун видеосу көрсөтүлдү
Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда ИИМ Академиясынын студенти 19 жаштагы Даниел Азимовдун иши судья Болотбек Абдуллаевдин төрагалыгы алдында каралууда.
Эске салсак, айыпталуучу Даниел Азимов баңгизатын сактаган жана сатууну көздөгөн деген айып менен былтыр 2019-жылы 20-апрелде кармалган.
Соттун кезектеги отуруму 21-февралда өткөн.
Күбөнүн күмөндүү көрсөтмөсү
Бул ирет сотко күбө катары чакырылган Азамат Умкеев көрсөтмө берди. Эске салсак, Умкеев Азимовду кармаган учурда УКМнын тергөө кызматында иштеп, окуя болгон жердин протоколун түзгөн кызматкер.
Ал өз көрсөтмөсүндө иш милициянын ыкчам кызматкерлеринин рапортунун негизинде ачылып, Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын айтты.
Күбө айыпталуучу Азимовду кармоо учурунда анын денесине залал келтирилгенин көргөнсүзбү деген соттун суроосуна кармоо учурунда самбо ыкмасы колдонулгандыктан анын башы-көзү тытылганын айтты.
Бирок Азимов тергөө бөлүмүнө алынып келгенде түзүлгөн протоколдо ал учур каттаган эмес.
Айыпталуучу Азимов өзү күбөгө “дене-башым көгала болгонун көрүп туруп эмнеге медициналык экспертиза дайындаган жоксуз?” деген суроосуна “андай муктаждык болгон эмес” деген жооп кайтарды.
Күбө Умкеев адвокаттардын эмне үчүн Азимов менен чогуу кармалган досу тергөө иштерине тартылбаганын сураганда ал ишке тийиштиги жок экенин айтканда коё беришкенин билдирди.
Сотто шектүү Азимовду кармоо учуру тартылган тасма көрсөтүлдү. Анда шектүүнүн чөнтөгүндөгү баңгизаты жерге түшүп калды деген учурун так аныктап көрүп чыгуу үчүн адвокаттарга видео менен таанышууга мүмкүнчүлүк берилди.
Белгилей кетсек, Азимовду кармоо учурунда калыс күбөлөр болгон эмес. Алар алдын ала даярдалган баңгизатын анын алдына таштап туруп кармашкан. Тергөө Азимовду кармоо учуру толугу менен видеого тартылганын айтышып, анын негизинде балага айып коюлган.
Бирок мамлекеттик айыптоочулар анын күнөөсүн толугу менен далилдей алышкан жок. Азимовду кармоо учурунда тынымсыз видеого тартылды дегени менен сот учурунда бөлүнүп-бөлүнүп тартылган эки видеону көрсөтүштү. Анда Азимовду айыптуу деп айтууга таптакыр болбойт.
Биринчи видеодо Азимов менен анын дос баласы делгендердин элесин гана көрүүгө болот. Видео алыстан тартылгандыктан дал Азимов менен досу экенин так айтуу кыйын. Видеодо Азимов делген бала телефонун карап жатса, досу делген бала ары бери жакты караганы тартылган. Экинчи видеодо кармалгандардын жерде жатканын гана көрүүгө болот.
Баңгизатын атайылап салышканда
Видеодон карап туруп Азимовдун күнөөсү бар дегенге таптакыр болбойт. Андан сырткары видеодо кызматкерлердин бири экинчисине Азимовдун алдына баңгизатын салганын жана “Басты, все, басты” деген үнү так угулат.
Андан сырткары видеодо укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин Азимовдун досу делген балага (кийин коё берилген) өзгөчө аяр мамиле кылып жатканы байкалат. Анткени алар кармалгандан кийин Азимовдун досунун алдына төшөнчү салып жатканы тартылып калган.
Видеодо ошондой эле, Азимовду досунун жардамы менен эл аз жерге алдап келишкени жана баңгизатын атайылап салып кармаганын көрүүгө болот.
Кылмыш ишиндеги эң таң калыштуу нерсе Азимовдун досунун бошотулушу экенин белгилеп кетүү керек.
Укук коргоо органдарынын кызматкерлери Азимовдун досун эмне кылып коркутуп, бул ишке баруусуна кантип көндүргөн деген суроо туулат.
Булардын бардыгы кадрда даана көрүнүп турат, бирок ошол нерсени сот көрүп жатабы, же көрсө дагы көрмөксөн болуп отурабы?
Ошондой эле буга чейин сот ишине далил буюм катары алынган баңгизатын жыйынга алып келүү боюнча адвокаттардын суранычын канааттандырды.
Эске салсак, сот жыйынына журналисттер менен Акыйкатчы институтунан өкүл келип катышты. Иштин чоо-жайы
Иштин чоо-жайы
2019-жылы 20-апрелде ИИМ Академиясынын студенти Даниел Азимовду баңгизатын сактаган жана сатууну пландаган деген айып менен кармашкан. Аны кармоо учурунда жанында досу болгон. Досу сотто берген көрсөтмөсүндө УКМКнын кызматкерлери Даниелди жерге басып алып чөнтөгүнө баңгизатын салууга аракет кылганын айткан. Баңизаты чөнтөгүнө батпагандыктан күчкө салып курткасынын чөнтөгүн айрып, жерде жаткан баланын алдына баңгизатын коюшкан.
Аны жерге бир нече саат басып жатышып, бул учурда башка-көзгө койгулашкан. УКМКнын кызматкерлери мындай жоругу менен мыйзамды бузуп, студентти кыйнаганы айдан ачык көрүнүп турат.
Нурбек Азимов укук коргоо органдарынын кызматкерлери баласын кармоо үчүн аны жумуш беребиз деп алдап, Борбор Азиядагы Америка университетинин (АУЦА) 12-кичи району жактагы киши жок аймакка алдап азгырып барышкан.
Уулу кармалгандан кийин Нурбек Азимов Нарындан келип, иш менен таанышууга аракет кылганы менен ага материалдарды берген эмес. Ал УКМКдагы тааныштары менен сүйлөшкөндө уулун куткарып алуу үчүн көп суммадагы долларды даярдап коюусун талап кылышкан. Анын мынча акчасы жок экенин айтканда, жылкыларын, шаардагы жер тилкесин, соода кылган павильонун сатып, жетпей калган сумманы туугандарыңан сура деп айтышкан. Андан сырткары байлыкты тапса болорун, баланы табууга болбой турганын билдиришкен.
Соттун кийинки отуруму 6-мартка пландалды. "Барометр" агенттиги окуянын өнүгүшүнө көз салып турат.
Добавить комментарий ×