19 жаштагы кыздын жыныс мүчөсүн мончодон күйгүзүп өлтүрүшкөн

26 апрель 2019 14:54 9848 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Казакстандын Актөбө областынын Бадамша айылындагы жеке мончодон 19 жаштагы кыздын сөөгү табылган. Маркумдун туугандары аны атайлап өлтүрүштү деп арызданышууда. Бул тууралуу nur.kz кабарлады.

Кыздын апасы журналисттерге берген маегинде экспертиза кызды газга ууланып калганын билдиргенин, бирок ага ишенбей жатканын айтты.

 “Кызымды жерге бергенибизге бир апта болду. Бул иш жабылып калышы мүмкүн. Кызымдын мончого барып ууланып өлгөнүнө ишенбейм. Кафеде официантка болуп иштечү.Ошол күнү үйгө келген эмес. Сөөгү эртең менен мончодон табылган. Түнкү саат экиде эмнеге мончого барды деп таң калып отурам. Ал эч качан кечинде мончого барчу эмес”,-деп айтты кыздын апасы Кенже Төлешова.

19 жаштагы 3-курсунда окучу. “Карындашым тааныбаган үйдүн мончосуна эмнеге кирет”,-деп нааразы болууда кыздын агасы Марат Төлешов.

 “Жыныс мүчөсү күйгөн, мойнунда дагы тактар бар бар экен. Кайнак сууга күйгөнү көрүнүп турат”,-деп айтты кыздын сөөгүн жууган жеңеси.

Учурда маркумдун туугандары прокуратурага арыз берип, мүрзөсүн кайрадан каздырганы жатышат.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/19-zhashtagy-kyzdyn-zhynys-mchsn-monchodon-kjgzp-ltrshkn



Добавить комментарий