19 жаштагы келиндин өлүмүнөн кийин бир топ дарыгерлер жумуштан алынды

3 февраль 2023 13:02 1079 Barometr
Бөлүшүү:
ok

2-февралда Саламаттыкты сактоо министрлиги төрөт учурунда каза болгон 19 жаштагы келиндин өлүмүнө байланыштуу бир топ дарыгерлерди жумуштан алды. Бул тууралуу аталган министрликтин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Белгилей кетсек, 2023-жылдын 3-январында Ысык-Атанын төрөт бөлүмүндө 19 жаштагы келин көз жарган. 6-январда ал ооруканадан чыгарылган. Келиндин ден соолугу начарлап, ооруканага 11-январда кайра кайрылган. Ал Мамакеев атындагы Улуттук хирургиялык борборго которулуп, ошол жерден каза болгон.    

Бул иш боюнча иликтөөнүн жыйынтыгы менен аталган бөлүмдүн адиси Раиса Асылбашева тааныштырды.    

Ал төрөт учурундагы 19 жаштагы аялга медициналык жардам көрсөтүүдөгү кемчиликтерге токтолуп, өлүм    жаңы көз жарган энеде полиоргандык жетишсиздиктин натыйжасында сепсис пайда болгону себеп экени аныкталганын расмий билдирди.

«Бул корутунду берилген медициналык документтердин негизинде чыгарылды, анткени соттук-медициналык экспертизанын жана гистологиялык экспертизанын жыйынтыгы чыга элек», — деп айтылат маалыматта.      

Кызматтарынан бошотулган дарыгерлер:        

Алар – Ысык-Ата райондук Жалпы дарыгерлик практика борборунун (ЖДПБ) директору Р.Мукаева, директордун орун басары Н.Сабырова, төрөт бөлүмүнүн башчысы А.Бегалиева жана №1 төрөт үйүнүн акушер-гинекологу А.Маматалиев (ал санавиация аркылуу чыгуудан баш тарткан).

Ошондой эле “ыкчам акушердик жардамды сапаттуу көрсөтүү ишин жетиштүү координацияланган эмес” деп Чүй облусунун саламаттык сактоо боюнча координатору Б.Мамытовага сөгүш жарыяланды.

Укук тартибин коргоо органдарынын юридикалык баасы берилгенден кийин ЖДПБнын айрым кызматкерлерине чара көрүлөрү айтылды.


Ссылка: https://barometr.kg/19-zhashtagy-kelindin-lmnn-kijin-bir-top-darygerler-zhumushtan-alyndy



Добавить комментарий