15 жаштагы кызын өлтүргөн жаран кармалды (Сүрөт)

7 июль 2020 16:07 4133 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте Патрулдук милиция кызматкерлери адам өлтүрүүгө шектүү 49 жаштагы жаранды кармашты. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.  

Окуя кечээ, 6-июлда, Бишкек шаарынын кич райондорунун биринде катталган. Анда атасы 15 жаштагы кызын аёсуз сабап, ал катуу жаракаттан улам каза болгон.

«Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барып, 15 жаштагы өспүрүм кыздын жансыз денесин табышкан. Адам өлтүрүүгө шекүү катары өзүнүн атасы 49 жаштагы Б. С. аттуу жаран кармалды. Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча катталды», — деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/15-zhashtagy-kyzyn-ltrgn-zharan-karmaldy-srt



Добавить комментарий