ӨКМ сел жүрүү коркунучу пайда болгонун эскертти

14 апрель 2020 10:20 515 Barometr
Бөлүшүү:
ok

14-апрелден 16-апрелге чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек - Ош унаа жолунун 121-137 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-250 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука - Каныш-Кыя унаа жолунун 72-74 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Каракол - Эңилчек унаа жолунун 64-90 чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу күтүлөт, жолдордун айрым участокторунда тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди 

14-15-апрелде күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Ошол себептен, коопсуздук иш-чараларды сактап жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл.

Ссылка: https://barometr.kg/14-aprelinen-16-apreline-zhaan-chachyn-ktld



Добавить комментарий