13 жашында ата болгон бала үй-бүлөсүн кантип багаарын билбей жатат

27 март 2019 11:35 8499 Barometr
Бөлүшүү:
ok

13 жашында ата болгон британиялык Алфи Паттендин жашоосу мелодраманын баардык элементтерин-сүйүү, чатак, көзгө чөп салуу, күтүүсүз жыйынтыктар, чоң турмуштук сабактарды камтыйт. Бул тууралуу kratko-news.com. булагы кабарлады.

 “Мен кызым Мейсинин колума алган кезде өзүмдү кандай сезеримди билген жокмун, бирок дароо эле аны сактап калышым керек деген ойго келдим”,-деп эскертет  кыздуу болгон учурун Алфи.

Алфи аттуу өспүрүм 15 жаштагы сүйүктүүсү Шантель Стедмандан Мэйзи аттуу кыздуу болгондон кийин Улуу Британиядагы эң жаш ата болуп катталды. ЖМКлар алардын жанын койбой маалымат издеп тургандыктан Паттен үйүнөн бир канча аптага чыга албай калган күндөрү болгонун айтат.

 “Журналисттер “кызыңды кантип багасың?” деген суроону көп беришчү. Чынында кантип багып чоңойторумду билген жокмун”,-дейт өспүрүм.

Бирок бул баяндын соңу андан ары уланды. Алфинин апасы мындай шумдук окуяга макул болбой небере аттыккан кыздын ДНКсына тест жүргүздү. Соңунда Алфи кыздын атасы эмес болуп чыкты. Алфи муну укканда аябай кайгырып, кызы Мэйсини эми көрбөй калам деп ыйлаган. Анткени сүйүктүүсү Шанель жана анын үй бүлөсү анын ата эмес экенин угушкандан кийин башка шаарга көчүп кетмей болушкан.

Баарынан кызыгы нарситенин чыныгы атасы да алардын үйүнөн анча алыс эмес жерде жашаган 13 жаштагы Тейлор Баркер болуп чыкты.

“Бирок Алфинин ата-энеси да жөн калбай уулун ЖМКга улам маек бердиртип көп суммадагы акча табышууда. Азыр жаштардын жашоосу кандай болуп жатканы тууралуу так маалымат жок”,-деп жазат басылма.

 

Ссылка: https://barometr.kg/13-zhashynda-ata-bolgon-bala-kyzyn-kantip-bagaaryn-bilbej-zhatat



Добавить комментарий