13 жаштагы бала 3 жаштагы кызды зордуктаган

15 май 2019 12:52 5591 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“REGNUM” маалымат агенттиги Al Jazeera маалымат булагына таянуу менен өзүнүн кошунасы тарабынан зордукталган үч жашар кызды колдоп Индиянын Кашмир шаарынын миңдеген адамдары көчөгө чыккандыгын кабарлады.

Нааразычылык акциясынын натыйжасында эл менен тартип сакчыларынын ортосунда кагылышуу болду. Аесуз кылмышка барган деп шектелген адамдын кармалгандыгы туурасында укук коргоо органдары билдирип, токтоосуз тергөө иштери башталгандыгын кабарлады.

Полициянын маалыматына караганда, наристе кыз абдан оор абалда ооруканага жеткирилген. Азыркы тапта абалы туруктуу.

Ал эми айыпталып жаткан өспүрүм болгону 13 гана жашта.

Ссылка: https://barometr.kg/13-zhashtagy-bala-3-zhashtagy-kyzdy-zorduktagan



Добавить комментарий