118 кызматында күнү-түнү 40 медик чалууларды кабыл алат

1 июль 2020 14:04 1000 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Борбор калаадагы 118 кызматынын колл-борбору №2 орто мектептин имаратына көчтү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматына шилтеме берип «Барометр» билдирет.

118 кызматы операторлордун саны көбөйгөнүнө байланыштуу чоңураак имаратка көчкөн. Анда 40 клиникалык ординатор, ыктярчы-медик күнү-түнү телефон чалууларга жооп берип, көмөк көрсөтүүдө.

Маалыматка ылайык, ыктыярчы-медиктер КР Саламаттык сактоо министрлигигинин алгоритми боюнча кеңеш беришет.

Эскерте кетсек, 28-июндагы Саламаттык сактоо министрлигинин буйругуна ылайык, мобилдик бригадалар бейтаптан ПЦР-тест албай турган болду. Алар бейтаптын абалын текшерип алгачкы диагнозун аныктайт.

Ошондой эле, коронавирус тууралуу суроолор жаралып, кеңеш алууну каалагандар үчүн үй-бүлөлүк медицина борборлорунун кызматкерлеринен жашаган жерине жараша күнү-түнү кеңеш ала алса болот.

Ленин району

№1 Бириккен үй-бүлөлүк медицина борбору (БИМБ)
Айнура Бердалиева — 0(312) 643711, 0 (550) 028828;

Октябрь району

№6 Бириккен үй-бүлөлүк медицина борбору
Динара Берадалиева — 0(312)571094; 0(312)571093 0(558)101091 жана WhatsApp номери 0(990)888036;

№15 Үй-бүлөлүк медицина борбору
Жыпар Шаршенбиева — 0(312)426961, 0(550)201848 жана WhatsApp номери 0(990)888015

№18 Үй-бүлөлүк медицина борбору
Тилек Жантайбеков — 0(312)565027, 0(558)535553 жана WhatsApp номери 0(990)888035;

№19 Үй-бүлөлүк медицина борбору
Нургул Сарыгулова — 0(312)570671, 0(709)655540 жана WhatsApp номери 0(990)888019.

Биринчи май району

№7 Бириккен үй-бүлөлүк медицина борбору 0 (312) 662013 жана WhatsApp номери 0(551) 001207.

Свердлов району

№5 Бириккен үй-бүлөлүк медицина борбору
Памир Муратов — 0(312) 635120, 0(312) 635114, 0 (701) 103002 жана WhatsApp номери 0(707) 909203.

№4 Үй-бүлөлүк медицина борбору
Вера Асеева 0(312) 434011 (саат 8.00дөн 18.00гө чейин), 0 (701) 103001;

№8 Үй-бүлөлүк медицина борбору
Анара Шакеева — 0(312) 433902 (саат 8.00дөн 18.00гө чейин), 0(701) 103003;

№9 Үй-бүлөлүк медицина борбору
Алым Мырзаев — 0 (312) 369604 (саат 8.00дөн 18.00гө чейин) жана 0(701) 103004;

№10 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору
Нурлан Абасканов — 0(312) 387646 (саат 8.00дөн 18.00гө чейин), 0(701) 103007.

Ссылка: https://barometr.kg/118-kyzmatynda-kn-tn-40-medik-chaluulardy-kabyl-alat



Добавить комментарий