11-февралда кандай аба ырайы болот?
Бөлүшүү:
Бүгүн, 11-февралда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнин маалымат кызматы билдирди.
Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт.
Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге чейин жетиши күтүлөт.
Ссылка: https://barometr.kg/11-fevral-kn-respublikanyn-ajmagynda-kar-zhaashy-ktlt
Добавить комментарий ×