1-майда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаайт

1 май 2021 09:23 686 Barometr
Бөлүшүү:
ok

1-майда Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк жерлеринде, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир аймактарында жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу "Кыргызгидромет” борбору берген маалыматка таянып “Барометр” билдирет. 

Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир жерлеринде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда +17…+22°;

Талас облусунда +16…+21°;

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +22…+27°;

Ысык-Көл облусунда +14…+19°;

Нарын облусунда +16…+21°;

Бишкекте маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы +20…+22° болот.

Ссылка: https://barometr.kg/1-majda-kyrgyzstandyn-kpchlk-ajmaktarynda-zhaan-zhaajt



Добавить комментарий