Ат-Башыда логистикалык борбордун курулушуна каршыбыз деген эл кайтадан митингге чыкты - видео

17 февраль 2020 11:20 1240 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ат-Башыда логистикалык борбордун курулушуна каршыбыз деген эл кайтадан митингге чогулду. Бул ирет эл райондун борборуна келишти

Алар колдоруна “Логистикалык борборго каршыбыз”, “Жер берилбейт” деген чакырыктар жазылган транспаранттарды көтөрүп алышкан.

Митингге келгендердин айтымында, 2 миңдей киши чогулду.

Белгилей кетсек, индустриалдык логистикалык борборду салууга белсенген кытай ишкери оюнан баш тартканы маалым болду.

Буга чейин маалымдалгандай, борбордун курулушуна жалпысынан 280 миллион доллар жумшалмак. Ошондой эле, курулуш иштери 5 жылда аяктамак. Долбоордун жетекчилери курулуш иштерин быйыл апрелде баштоону пландашкан.

Февраль айынын башында дагы жергиликтүү эл митингге чыгып, алар менен депутат Алтынбек Жунус уулу келип жолугушкан болчу. 

Ссылка: https://barometr.kg/-bashyda-logistikalyk-borbordun-kurulushuna-karshybyz-degen-el-kajtadan-mitingge-chykty-video



Добавить комментарий