Ат-Башыда келинди кайын агасы таш менен чаап өлтүрүп, андан соң, өз жанын кыйган

17 июнь 2021 16:02 2157 Айпери Эшенкулова
Бөлүшүү:
ok

16-июнда Ат-Башы районунда 38 жаштагы келинди кайын агасы таш менен чаап, учтуу курч нерсе менен сайып өлтүрүп, андан соң, өз жанын кыйган. Бул тууралуу Нарын ОИИБнин басма сөз кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет. 

"Кечээ, 16-июнь күнү саат 06:30 чамасында Ат-Башы РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө жергиликтүү тургун 1958-жылы туулган И.Ы. аттуу жаран Ат-Башы айылынын "Дамбы" токоюнда “Женя” аттуу адам бакка муунуп каза болуп калыптыр деп билдирген.

Аталган билдирүү Ат-Башы РИИБнин каттоосуна алынып, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө барган учурда Ат-Башы районунун  тургуну 1971-жылы туулган Е. К. эркек адамдын жансыз денеси мойнунан жип менен асылып турган абалында табылган.

Маркумдун сыртынан кароо жүргүзгөн учурда анын мойнунда жиптин издери жана оң колунун манжаларын ички беттери курч нерсе менен кесилген жаракаттары бар экендиги аныкталган.

Окуя болгон жерге, Е.К.нын бир тууган иниси 1972-жылы туулган А.К. чакыртылып келген учурда, ал кечеги күндөн тарта, анын аялы дагы дайынсыз жок болуп жаткандыгын кошумчалап, аны таап берүүнү сурап, арыз жазып берген.

Ал эми, А.К.нын арызы Ат-Башы РИИБне катталып, аны табуу боюнча иш-чаралардын  жүргүзүлө баштаган. Ошентип, окуя болгон жерден алыс эмес тактап айтканда батыш тарапты көздөй болжолдуу 500 м аралыктагы  жерден аял кишинин жансыз денеси табылган. Ал Ат-Башы районунун 1983-жылы туулган К.Н. экендиги такталган. Маркумдун сыртынан кароо жүргүзгөн учурда жансыз денесинде  күч колдонулган белгилери аныкталган", - деп айтылат маалыматта. 

Ыкчам иликтөө кызматынын алдын ала болжолдуу иликтөөлөрүнө ылайык,  К. Нны, анын бир тууган кайын агасы Е.К. таш менен чаап, учтуу курч нерсе менен сайып өлтүрүп, андан соң, ал өз жанын кыйган.

Бул боюнча сотко чейинки өндүрүш  боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, күбөлөр сурак алынды. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат. 

Ссылка: https://barometr.kg/-bashyda-kelindi-kajyn-agasy-tash-menen-chaap-ltrp-andan-so-z-zhanyn-kyjgan



Добавить комментарий