Ат-Башыда күчү 4 баллга жеткен жер титиреди

14 май 2021 10:25 1255 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ат-Башыда жана Торугартта жер титиреди. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет. 

Кечээ, 13-майда Сейсмология институтунун маалыматына ылайык,  саат 14:37де Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын чектешкен аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Нарын облусунун Ат-Башы районунун Эселек, Көк-Айгыр айылдарында 4 балл, Торугарт айылында 3 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок

Ссылка: https://barometr.kg/-bashyda-kch-4-ballga-zhetken-zher-titir-kattaldy



Добавить комментарий