Ат-Башыда индустриалдык логистикалык борбордун салыныша каршы болгон эл кайтадан митингге чыкты
Бөлүшүү:
Ат-Башы районунун Ак-Талаа айыл өкмөтүнүн Калинин айылында 150гө жакын киши индустриалдык логистикалык борбордун салыныша каршы болуп митингге чыкты.
Алар колдоруна “Биз каршыбыз!”, “Жер берилбейт” деген транспаранттарды көтөрүп алышкан.
Чогулган эл менен жолугушуу үчүн Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Жунус уулу баштаган бир катар аткаминерлер келишкен.
Жунус уулу чогулгандарга кайрылып, эмне үчүн каршы болуп жаткандарын сурады.
Белгилей кетсек, логистикалык борбор салынат делген 200 гектар жер дал ушул Калинин айылына тиешелүү.
Премьер-министр 5-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында 2-3 күндүн ичинде Ат-Башыга барып, жергиликтүү эл менен жолуга турганын айткан.
Добавить комментарий ×