Кербен шаарында унаада отурган кишиге ок атышты
Кербен шаарында унаада отурган кишиге ок атышкан. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда Жалал-Абад областынын ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.
Областтык милициянын маалыматына таянсак, куралдуу кол салуу 8-ноябрдан 9-ноябрга караган түнү болгон. Болжол менен түнкү саат 02:30да белгисиз адамдар Аксы районунун 1996-жылы туулган тургуну А.С.га ок атышкан.
Милицияга Эрнис аттуу жигит 2-3 жолу ок атканы тууралуу маалымат түшкөн. Жаракат алган А.С. аймактык ооруканага жеткирилди.
Милициянын кызматкерлери шектүүлөрдү аныкташты. Алар Аксы районунун тургундары 1997-жылы туулган М.А. жана А.Н. болуп чыкты. М.А. аттуу жаран 9-ноябрда кармалды. А.Н. аттуу жаранды издөө уланууда.
Ссылка: https://barometr.kg/kerben-shaarynda-unaada-oturgan-kishige-ok-atyshty
Добавить комментарий ×