Кемпир-Абад суу сактагычына түшүп кеткен 19 жаштагы баланын сөөгү табылды
Поделиться в:
Ошто Кемпир-Абад суу сактагычына түшүп кеткен 19 жаштагы баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, Өзгөн районунун Айгыржал айылындагы Кемпир-Абад суу сактагычына 2004-ж.т. 1 эркек киши чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
“Издөө иштерине КР ӨКМдин №53 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн жана Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 10 куткаруучу тартылган.
Куткаруучулар тарабынан табылган жарандын сөөгү ИИМнин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди”, -деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/kempir-abad-suu-saktagychyna-tshp-ketken-19-zhashtagy-balanyn-sg-tabyldy
Добавить комментарий ×