Келечек балдардан башталат. Альянс Алтын Талас шаарындагы бала бакчанын дарбазасын оңдоп берди

30 июля 2024 16:11 Barometr
Поделиться в:
ok

Келечек балдардан башталат. Альянс Алтын өнүктүрүү фонду Талас шаарындагы бала бакчанын дарбазасын оңдоп берди. 

Азыркы тапта бардык билим берүү мекемелеринде жаңы окуу жылына карата оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө. Мындай оңдоо иштери Талас шаарындагы №16 "Балажан" балдар бакчасында да кызуу жүрүп жаткан кези. Атап айтканда Альянс Алтын өнүктүрүү фондунун каржылык колдоосу менен аталган бала бакчанын короосундагы эски  дарбазасы алынып ордуна жаңы заманбап дарбаза орнотуп беришкен. 

Ал үчүн фонд тарабынан 70 185 сом бөлүнүп берилди.

Белгилей кетсек, Альянс Алтын өнүктүрүү фонду буга чейин, бул өңдүү бир катар мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин муктаждыктарын чечип келген.




Ссылка: https://barometr.kg/kelechek-baldardan-bashtalat-alyans-altyn-nktr-fondu-talas-shaaryndagy-bala-bakchanyn-darbazasyn-odop-berdi



Добавить комментарий