Кѳчмѳндѳр оюнунда боз үй чечүү сынагы болот
Поделиться в:
Жакында 16-21- сентябрь күндѳрү ѳткѳрүлүүчү кѳчмѳндѳр оюнунда боз үй чечүү сынагы болот. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди. Ошондой эле ал бул жолку кѳчмѳндѳр оюнунун ѳзгѳчѳлүгүнѳ токтолду.
«Буга чейин кѳчмѳндѳр оюнунда 37 этникалык оюндар кѳрсѳтүлсѳ, бул жолу 8 түрү кѳрсѳтүлѳт. Негизгиси улутубуздун каада- салттарына басым жасалат. Андан тышкары боз үй чечүү сынагы болот. Ал эми ачылыш жана жабылыш аземи 21- сентябрга каралган », -деди Маданият министри Азамат Жаманкулов.
Ссылка: https://barometr.kg/kchmndr-oyununda-boz-j-chech-synagy-bolot
Добавить комментарий ×