Казакстанда коронавирус жуккандардын саны төрт кишиге көбөйдү
Казакстанда коронавирус жуккандардын саны төрт кишиге көбөйдү. Ал Алматыда.
Маалыматка ылайык, ал 13-мартта Германиядан учуп келген. Үйүнө келип өз алдынча эле дарылана баштаган. Коронавирустун белгилери башталганда дарыгерлерге кайрылган. Аны дароо алып келишип, анализдер алынган. Учурда ал көп тармактуу ооруканалардын биринде дарыланууда.
Такталган маалыматтар боюнча оору жуктурган төртүнчү эркек киши 1976-жылы туулган.
13-мартта Казакстанда үч кишиден коронавирус аныкталган. Алардын экөө Алматыда болсо, бирөө Нур-Султан шаарында болчу.
Учурда дарыгерлер коронавирус табылган кишилер кимдер менен байланышта болгону аныкталууда.
Ссылка: https://barometr.kg/kazakstanda-koronavirus-zhukkandardyn-sany-trt-kishige-kbjd
Добавить комментарий ×