Казакстанда коронавируска кабылган үчүнчү киши аныкталды
Поделиться в:
Казакстанда коронавируска кабылган үчүнчү киши аныкталды. Маалыматка ылайык, ал Семей аймагындагы аялдан табылып, ал Италиядан 12-мартта Нур-Султанга учуп келгени кабарланды.
Буга чейин саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов коронавирус эки кишиден табылганын айткан. Маалымат боюнча алар Германиядан кайткан жарандар.
Учурда алар Алматыда дарылоого алынып, дарыгерлер көз салышууда.
Кыргызстандын саламаттык сактоо министрлиги өлкө аймагында коронавируска кабылгандар жок экенин билдирүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/kazakstanda-koronaviruska-kabylgan-chnch-kishi-anyktaldy
Добавить комментарий ×