Казакстанда коронавирус дагы 2 кишиден табылып, вирус жуктургандардын саны 6 болду
Поделиться в:
Казакстанда коронавирус чыккан дагы эки жаңы учур катталып, ооруну жуктургандардын жалпы саны алтыга жетти. Маалыматка ылайык, бир бейтап Алматы шаарынан аныкталса, экинчиси Нур-Султандан табылган.
1958-жылы туулган ишке 10-мартта Москвадан Алматыга учуп келген. Экинчи бейтап аял болсл Варшавадан Нур-Султанга учуп келгенин өлкөнүн саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
13-мартта аталган министрлик коронавирус Германия жана Италиядан учуп келген төрт кишиден аныкталганын кабарлаган.
Добавить комментарий ×