Казакстанда кармаш: Нурсултан Назарбаев кызын президент кылабы?

22 марта 2019 12:06 6484 Barometr
Поделиться в:
ok

Казак оппозиционери Мухтар Аблязов бүгүн, 22-мартта Казакстандын убактысы боюнча саат 11:00дө митинг-жүрүш уюштурат. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook социалдык түйүнүндөгү баракчасына жарыялады. Анын айтымында, митингдер өлкө боюнча өтүш керек.

 “Күрөшө турган мезгил келди. Жакын арада мурдагы президенттин айланасы декоративдүу шайлоо өткөрүп, президентикке Дарига Назарбаеваны алып келүүгө болгон күчтөрүн салат. Мен бийликке ат салышарымды билдирем”,-деп жазды Аблязов.

Эскерте кетсек, саясатчы Мухтар Аблязов “Казакстандын демократиялык тандоо” кыймылынын лидери, учурда Францияда жашайт. Ал “Назарбаев кызы Дарига Назарбаеваны президент кылат” деп билдирүүдө.

19-мартта Нурсултан Назарбаев бийликтен кетип өлкөнүн президенти болуп Касым-Жомарт Токаев шайланган.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/kazakstanda-karmash-nursultan-nazarbaev-kyzyn-prezident-kylaby



Добавить комментарий