Кавказ тоосунун бийик чокуларынын бири - Чынгыз Айтматов чокусу деп аталды
Улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун аты Кавказдагы бийик чокулардын бирине коюлду. Бул тууралуу жазуучу, драматург Султан Раев өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды.
"Урматтуу мекендештер!
Кавказ тоосунун бийик чокуларынын бири - Чынгыз Айтматов чокусу деп аталып, ага Кыргызстандын мамлекеттик желеги, Айтматов пигинин табличкасы кече кыргыз альпинисттери тарабынан жеткирилип, Чынгыз Айтматов чокусу аталып калды", -деп жазган.
Анын айтымында 13-ноябрда кыргыз альпинисттери сапарга узап, бүгүн бул чокуну багындырышкан. Иш-чараны толугу менен президент Сооронбай Жээнбеков колдоп, каражатын чечип берген.
"Чынгыз Айтматовдун атактуу Кавказ тоосундагы чокусу жана чокуда желбиреген кыргыз желеги кут болсун! Бул улуу ишке катышкан инсандарга чоң рахмат!"- деп жазган Султан Раев.
Ссылка: https://barometr.kg/kavkaz-toosunun-bijik-chokularynyn-biri-chyngyz-ajtmatov-chokusu-dep-ataldy
Добавить комментарий ×