Өзү өлсө да сөзү өлбөгөн. Айтылуу Айтматовдун туулган күнү кандай эскерилип жатат?
Улуттук адабият күнүнө карата Бишкекте Айтматовдун эстелигине гүл коюлду. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына таянып “Барометр” билдирет.
Бүгүн,12-декабрда, чыгаан жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү жана Улуттук адабият күнү белгиленүүдө. Ага карата жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Ала-Тоо» аянтындагы эстелигине гүл коюлду.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлдөрү, Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов катышты.
Мындан сырктары Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүндө Манасбек Мусаевдин “Айтматовдун дүйнөсү сүрөттөрдө” аттуу сүрөт көргөзмөсү болуп өттү.
Ошондой эле бүгүн кечинде Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук акдемиялык драма театрында Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу тарабынан уюштурулган адабий кече өтүп, сыйлык ээлерине "Алтын калем" сыйлыгы тапшырылат.
Андан соң Чыңгыз Айтматовдун "Кылым карытар бир күн" романынын негизинде даярдалган спектакли көрүүчүлөргө тартууланат.
Эске салсак, аталган спектаклди Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук акдемиялык драма театрын көркөм жетекчиси, белгилүү режиссёр, Назым Мендебаиров сахналаштырган.
Ссылка: https://barometr.kg/z-ls-da-sz-lbgn-ajtyluu-ajtmatovdun-tuulgan-kn-kandaj-eskerilip-zhatat
Добавить комментарий ×