Карыпбеков: "Өкмөткө түкүрүп ит эле болуп жатабыз! Өкмөт өкүлдөрү түкүргүч, какыргычтарды унчукпай кармай бергиле! "

9 января 2019 15:48 2027 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Бүгүнкү күндүн актуалдуу темаларынын бири - “түкүрүк”. Бул тууралуу ар ким өз оюн билдирип, пикирлерин жазышууда. Бул боюнча Илим Карыпбеков да өз оюн билдирди. Ал тууралуу жеке интернет баракчасына жазып чыкты.

Алгачты постунда Карыпбеков “Өкмөткө түкүрүп ит эле болуп жатабыз! Өкмөт өкүдөрүнө жөнөкөй Кыргызстандын жараны катары кайрылат элем – маданиятсыз, акчасы көп, түкүргүч, какыргычтарды унчукпай кармап, айып сала бергиле!” –деп жазган. Андан көп өтпөй:

“Мен көптөгөн өнүккөн өлкөлөргө барып ал жактан биздин жаранга жолуктум. Алар көп экенин билесиздер.  Белгилей кетсем – алардын баары мыйзамга баш ийген, маданияттуу, билимдүү, тартиптүү бир сөз менен айтканда чыныгы адамдар десем жаңылышпайм. Бирок ошол эле адамдарды Кыргызстанга алып келсең чек арадан өтөөрү менен чет өлкөдө өздөрүн тыйган адаттардын баарын жасай баштайт. Эмнеге биз башка улуттун мыйзамдаына баш ийебиз дагы өзүбүздүкүнө түкүрөбүз?” –деп пост жазды.

Карыпбековдун бул посту чыгаары менен анын кесиптештери колдоого алышып, туура деп жатышты. Албетте, кээ бирлер “бул туура эмес” деп жазууда.

Ссылка: https://barometr.kg/karypbekov-kmtk-tkrp-it-ele-bolup-zhatabyz-kmt-kldr-tkrgch-kakyrgychtardy-uechukpaj-karmaj-bergile



Добавить комментарий