Илим Карыпбеков КТРКнын байкоочу кеңешине мүчө болгон жок
Поделиться в:
Бүгүн парламенттин жыйынында депутаттар КТРКнын мурдагы директору Илим Карыпбековдун каналдын байкоочу кеңешине мүчө катары талапкерлигин карашты. Бул тууралуу “Барометр” маалымдайт.
Анын талапкерлигин КСДП фракциясы сунуштаган.
Илим Карыпбековду колдоп 43 депутат, каршы 15 депутат добуш берди. Бирок бул көпчүлүк болбогондуктан КСДПнын чечими колдоо тапкан жок.
Мындан тышкары депутаттар КТРКнын байкоочу кеңешинен Жылдыз Бакашованы чыгаруу тууралуу чечимди колдошту.
Ссылка: https://barometr.kg/ilim-karypbekov-ktrknyn-bajkoochu-keeshine-mch-bolgon-zhok
Добавить комментарий ×