Картаң кишилерди аёсуз сабаган адам "Гаваи" кафесинин коопсуздук бөлүмүнүн башчысы (Видео)
Картаң кишилерди сабап жаткан социалдык тармакмактагы видео "У Абдраима” кафесинин алдынада 14-июнда болгон.
Чүй облусунун Кең-Булуң айылында “У Абдраима” кафесинин алдында Баатыр деген мырза өзүнүн достору менен бир адамды сабап баштаган. Ага 60 жаштагы киши болушуп, топ адамдар тарабынан сабалат. Жабыркаган адам арыз менен милицияга кайрылган. Жазылган арыздын негизинде күнөөлүүлөр табылып, Ысык-Ата районунун соту Нурбек Тажибаев кылмышка шектүүлөрдү кылмыштын оордугуна карабай, үй камагына чыгарган.
Жасалган кылмышка карабастан аталган аймактын соту кылмышка шектүүлөрдү коё бергенин журналист Назира Ахмедова соцтармакта билдирди.
"Биздин соттор ушундай иштешет. Эми окуяны байкоо камерасынан көрүп, уулунун кандай сезимде болгонун элестетип көрүңүз. Анын эч кандай себепсиз олуттуу жаракат алган. Ал чырды мыйзам чегинде чечүүгө аракет кылган. Мындай укук бузууларды көрүп туруп эмнеге сот мындай өкүм чыгарды? Муну кантип түшүнсө болот? Мындан ары эмне, урматтуу мыйзам кызматчылары. Сотторго ишеним болбойт жана болгон эмес. Кызыгы, шектүүлөр “Гавайи” кафеси “Умут” сүт азыктарын чыгарган Кайрат жана Джурат аттуу бир туугандардын колунда иштешет экен», - деп түшүндүрдү ал.
Бул тууралуу Чүй облусунун ИИБсы маалымат бере элек.
Добавить комментарий ×