Чүйдө "Йакын-Инкар" экстремисттик уюмунун өкүлдөрүнүн үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлдү

6 апреля 2021 12:40 2655 Barometr
Поделиться в:
ok

Чүй обсулундагы Москва районунда тыюу салынган диний уюмдардын өкүлдөрүнүн үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

"Тинтүү учурунда 12 даректен  Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган диний экстремисттик уюмуна таандык болгон материалдар алынган. Жалпысынан 300 дөн ашык китептер, 35 дептер, 65 баракча, 39 брошюра, ноутбук, телефондор, ДВД дисктер жана флешкалар далил буюм катарында алынган. Алынган материалдарга тиешелүү экспертизалар дайындалган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда".- деп айтылат маалыматта. 

“Экстремист” аталышындагы рейд жүргүзүлдү .

Буга чейин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КРын Жазык кодексинин 315-беренеси (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) боюнча катталган иштин негизинде, КРнын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган “Йакын-Инкар” диний экстремисттик уюмунун көз карашын колдогон Чүй облусунун Москва районунун жашоочуларынын үйлөрүндө тинтүү иштери жүргүзүлдү. 


Ссылка: https://barometr.kg/chjd-tyyuu-salyngan-jakyn-inkar-dinij-ekstremisttik-uyum-anyktaldy



Добавить комментарий